Менин мекеним кыргызстан сочинение

Обновлено: 05.07.2024

Керилип тирейт асманды,
Кок жалтан аска-зоолорун.
Кылымдап оскон карагай,
Кароолу ондуу тоолордун.

Арчалар, четин, кайындар,
Коз жоосун алган коркомун.
Мамыктай болуп жайылган,
Туркун гул, шибер чопторун.

Таштан бир ташка секирген,
Шылдырап аккан булактар.
Моокуму кана шимирген,
Кайберен, аркар, улактар.

Агын суу кирип курпулдоп,
Жемирип жээгин ураткан.
Коргондун коонун серпилтип,
Уйдой зор ташты кулаткан.

Акактай молтур шуудурум,
Нуруна кундун чагылган.
Турлуу куш сайрап безенсе,
Тандын бир корку ачылган.

Ай нуру тийсе кылкылдап,
Корк берет тоого келбети.
Чайпалып жаткан кылымдап,
Ысык-Кол-кыргыз бермети.

Кыргызстан менин Мекеним,
Байыркы элден кыргызым.
Киндик кан тамган озундо,
Эркелеп оскон мен кызын.


Айнура Бекболотова
Москва ш

Портал Стихи.ру предоставляет авторам возможность свободной публикации своих литературных произведений в сети Интернет на основании пользовательского договора. Все авторские права на произведения принадлежат авторам и охраняются законом. Перепечатка произведений возможна только с согласия его автора, к которому вы можете обратиться на его авторской странице. Ответственность за тексты произведений авторы несут самостоятельно на основании правил публикации и законодательства Российской Федерации. Данные пользователей обрабатываются на основании Политики обработки персональных данных. Вы также можете посмотреть более подробную информацию о портале и связаться с администрацией.

© Все права принадлежат авторам, 2000-2022. Портал работает под эгидой Российского союза писателей. 18+

Нажмите, чтобы узнать подробности

Демекчи менин да оз Мекеним бар. Улуу Жибек жолунда жайгашкан Борбор Азиядагы тоого бай, куностуу. сыймыктуу Кыргызстан.

Ата Журтубуз эн улуу создор менен даназалуу. Ар бир элдин жугумдуу насаат созу, каада салты,эмгеги, сулуулугу, эрдиги, тарыхы бар. Бизин эн баалу мурасыбыз-бабалардан калган касиеттуу Ала-Тообуз.

Биздин ата-бабаларыбыздын, аскасы булут жамынган, кооз тоолорду, дуйнодо тендеши жок табияттын бермети-Ысык-Колду,тушум берекеси мол тогулгон кулпурган ороондорду, молтур тоо булактары менен дарыяларды коздун карегиндей ыйык сактап, эбегейсиз зор мурасты калтырганы кандай гана чоон бакыт. Мына ушундай жерде сыйчыл,кен пейил,токтоо жана эмгекти суйгон крапайым элим жашайт.Ата -бабаларыбыз илгерттен эч ботон элге , жерге баскынчылык жасабаган.Жан дуйносу таптаза, чынчыл, кен пейил болгон. Мисалы тарыхчылар жана социологдордун иликтоосу боюнча мекенибизде жуз жыйырма улуттун окулдору жашайт. Эн аз жашаган улут делип чукчалар эсептелет. Ушул маалымат мекенимдин канчалык кен пейилдигин далилдеп турат эмеспи.

эр-журок болуп, ыйык мекенибизди сактап, келечекке эбегейсиз зор байлыкты тартуулоо атуулдук милдети.

Коз крандысыз эгемендуу олко болуп мекеним онуугуу жолунда кимди гана кубандырбай койбойт. Бай тарыхы, кооз жаратылышы, улуттук кийимдери, каада салты, музыкалык аспаптары жада калса ичимдиги менен башка олколорго таанымал.

Бейиш жерибизге дуйно жузу суктанып, коз артып турганына шек жок, колубуздагы алтындан кымбат ,баасы жок мекенибизди кадырлап , барктап, даназалап асырап алганга не жетсин. Мен кыргызстанда торолгонум учун кандай гана бактылуумун .Кун сайын эмес, саат сайын мекенимдин осуп онугуусуно салым кошуп, балдарга мыкты билим берип, компетентуу инсанды тарбиялап мекенимдин осуусуно салым кошомун. Оркундой бер мекеним –Кыргызстан!

+

9 Смотреть ответы Добавь ответ +10 баллов


Ответы 9

+

Кыргызстан Орто-Азиянын тундук-чыгышында жайгашып, Казакстан, Таджикстан, Озбекстан, Кытай республикалары менен чектешет. Кыргызстандын жалпы аянты 199,9мин квадрат чакырым. Аянты боюнча 86-орунда турат. Кыргызстан коп улуттуу мамлекет, анда 90 улуттун окулдору жашайт. Жакында эле 26-ноябрь куну калкыбыздын саны 6миллионго жетти. Бул биздин олко учун жакшы жанылык, жакшы корсоткуч болду. Кыргызымдын саны жыл сайын 120мин адамга кобойуудо. Кыргызстан- бул менин туулуп оскон жерим, менин суйуктуу мекеним. Мен оз мекеним менен сыймыктанам. Менин жерим-абдан кооз, абасы таза, суусу тунук, жаратылышы бай олко.

Кыргызстан- мен учун ыйык, эч нерсеге алмаштыргыс байлыгым. Бизге чейин да канчалаган акын,жазуучу, ойчулдарыбыз жерибиздин кооздугун,сулуулугун айтып,мактанып буто алган эмес. Чындыгында мактана турган коптогон жерлерибиз бар. Мисалга алсак; кереметтуу Ысык-Колубуз, жангактуу Арсланбап,Сон- Кол,Сары-Челек колдорубуз, тоо койнунда курчалган Сулайман-Тоо, Саймалуу-Таш дегиле койчу айтып буткус кооз жерлерибиз коп. Ушундай биздин кереметтуу жерлерибизге суктанып чет жерден канчалаган меймандар келип эс алышат. Кыргызстаным кичинекей мамлекет болсо да, чет элдиктерди озунун кооздугу менен , ал эми эли озунун меймандостугу менен суктандырат. Ушундай кооздуктун коркуно корк кошуп жерибизди таза кармап, жаратылышыбызга аяр мамиле кылуубуз керек. Жана ошондой эле жерибиз ар кандайе -алтын,комур, ,туз жана коптогон кен байлыктарга ээ. Канчалаган суу сактагычтарыбыз бар. Бул биздин байлык.

  • Для учеников 1-11 классов и дошкольников
  • Бесплатные сертификаты учителям и участникам

МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН!

hello_html_3204e4ad.jpg

Сабактын максаты: Ата мекенди сүйүүгө жана Ата журту менен сыймыктанууга тарбиялоо. Улут аралык достук биримдик, тынчтык – мекенибиздин өнүгүшүнүн негизги шарты экендигин кенже окуучулардын аң-сезимине жеткирүү.

Сабактагы негизги иш-аракеттер:

1. Мекенибиздин жаратылышы, Мамлекетибиздин символдору, элибиздин улут аралык достугу, ынтымагы, түрдүү улуттардын маданияты, үрп-адаты тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.

2. Мекен тууралуу ыр ырдоо, макалдардын маанисин чечмелөө, жомоктун негизги идеясын айтып берүү.

Сабактын негизги идеясы: Мекенди сүйүү, билим жана тарбия, ынтымак, улут аралык достук, окуудагы ийгилик, чың ден соолук — Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө кошкон салым экендигин окуучуларга түшүндүрүү.

Сабактын жүрүшү

Сабакка балдардын көңүлүн буруп, жакшы маанай тартуулоо.

Көңүлдөрү ачык, кунт коюп отурушат.

2. Кыргызстандын Гимни.

Видеодон коюп берет.

Орундарынан туруп, оң колун жүрөгүнүн тушуна коюп, видео менен чогуу ырдашат.

3. Бүгүнкү сабактын максаты:

Мекенди сүйүү, анын жаратылышы, символдору, улут аралык достук, окуудагы ийгилик, тартип, тарбия туралуу ой бөлүшөбүз.

Атабыз Манас эр менен,

Ак калпактуу тоо менен,

Ажайып кооз жер менен,

Суйкайган сулуу кол менен,

Баа жеткис каада-салт менен,

Көп улуттуу эл менен.

Мугалим менен окуучунун

1. Гимнди ырдаганда эмне үчүн колубузду жүрөгүбүздүн тушуна коёбуз?

2. Мен сыймыктанам деген ырдын мазмуну эмне жөнүндө экен?

3. Мекенибиздин жаратылышы, символдору, жөнүндө эмне айта аласыңар?

4. Мекен жөнүндө ыр, макал билесиңерби?

5. Республикабызда кайсы улуттагы элдер жашайт?

6. Кайсы улуттан досторуң бар?

Окуучулар берилген суроолор боюнча ойлонот, оюн так, туура айтууга аракеттенет.

6. Улуттук кийим

(Жуп-жуп болуп бирге ойлонуп, оюңарды топтоп жооп берсеңер болот).

1. Кайсы улутка тиешелүү?

(Жуп-жуп болуп иштешет).

Окуучулар бири-биринин оюн угуп, бир жыйынтыкка келип айтып беришет.

7. Мугалим (окуучулардын оюна, жообуна кошулат) бышыктайт.

Туура, Балдар! Мамлекетибиздин өзүнө тиешелүү символдору, Кониституциясы, чек арасы, мамлекеттик тили бар. Мекенибиздин гүлдөп өсүшүүчүн, мамлекеттин символдорун ыйык сактап, силер жакшы билим-тарбияга ээ болуп, каада–салтты үйрөнүп, көп улуттуу эл менен достукта, ынтымакта жашап, өлкөбүздүн өнүгүшүнөөз салымыбызды кошуубуз абзел.

Окуучулар эстерине сактайт.

(ар дайым аткарууга аракеттенет).

Келгиле, балдар! Ханга жардам беребиз.

1. Жомокто кимдер катышып жатат?

2. Бул жомоктун бүгүнкү сабакка кандай байланышы бар?

3. Жомок эмнеси менен жакты?

(Окуучулар жомокту угат, көрөт).

Жалпы суроого жооп беришет.

Бул жомоктун негизги максаты эмнеде?

3 топко бөлүнөт, ойлонот, ойлорун топтоп бир ойго келишет.

(топтон бирден окуучу чыгып жактайт).

9. Сабактын жыйынтыгы.

— Адам Мекенин сүйөт, булбул гүлзарын сүйөт — дегендей биз сыяктуу эле канаттуу куштар да өз мекенин сүйөт, сагынат. Жомоктун негизги идеясы мекенин сүйүп, куса болгонунда. Мекенди сүйүү бул — жакшы окуп, тартиптүү болуу. Бабалардан калган каада-салтты билүү, символдорду ыйык сезүү, эне тили менен сыймыктануу, чынчыл адептүү болуп, бардык улут менен ынтымакта жашоо.

Читайте также: