Касымалы баялинов ажар реферат
Обновлено: 02.07.2024
- Для учеников 1-11 классов и дошкольников
- Бесплатные сертификаты учителям и участникам
Описание презентации по отдельным слайдам:
Касым Тыныстанов Долбоордун темасы:
Кысым Тыныстановдун басып өткөн жолу жана ийгиликтери менен таанышуу. Анын аткарган иштерине таасирленүү жана тарбия алуу. Долбоордун максаты:
Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда касиеттүү Ысык-Көлдүн кылаасындагы Чырпыкты кыштагында кедей үй-бүлөсүндө туулган.
Атасы Тыныстан араб тамгасында анчамынча окуп катсабаты жоюлган адам болгондуктан Касым жети жашка чыкканча эле ага араб тамгасында окуужазууну үйрөтүп койгон. Андан кийин Касым Байсорун кыштагындагы (азыркы Ананьево) сарт мектебинде үч-төрт жыл окуйт да, 1912-жылы Касымды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус тузем мектебине орноштурат.
Арт жагымды карасам, Агарып көлүм көрүнөт. Ысык-Көл сени самасам, Акылым санга бөлүнөт. Алда бир орус төрөм ай! Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!
Баратке мыйзам билбеген Айла барбы кытайга, Кыздарды сатып нан жедик, Жарты путтан буудайга. Алда бир орус төрөм ай! Мен Ысык-Көлдү качан көрөм ай! — деп, туулуп-өскөн Ата-Мекенин сагынып, зар какшап ыйлаган кыргыз элинин ушундай зарлуу ырлары менен Касым ал кезде сөзсүз кабардар болгон.
1916-жылга чейин Касым ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт. Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге Кытай жерине качып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын укту.
Колумда дөөлөтүм жок, жонум жука, Быйыл жаз соко айдадым сонундукка. Арам өлгөн ит унаа баспай койду, Куулугу чакадан чоң күрөң бука, — деп, өгүздүн башын кармаган жигитти тамашалайт. Касым эл ичиндеги кыз оюндарына үзбөй барып турат.
Карарып көзүң моймолжуп, Калыпка тартып койгонсуп. Кайгыны башка не салдың? Караңгы түндө ойготуп. Сүзүлгөн көзүң моймолжуп, Сүрөткө тартып койгонсуп. Түйшүктү башка не салдың, Түндө үч убак ойготуп. Эки бетиң албырып, Алманын кызыл гүлүңдөй. Самсаалаган саамайың Тоту куштун жүнүндөй, — деп сүйүү жөнүндө ырларды жаратат.
1919-жылы Каракол уездинде милициянын уездик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казак-кыргыз институтуна кирет. Ошондо он сегиз жашта эле.
Сулк жатууга жүрөк жанып койбой тур, Бура кысып заман чиркин болбой тур. Жаш да жетти, иш да жетти иштөөгө, Көз коркунчак, көөдөн — тайыз оңбой тур.
Түпкү максат чын чыгарын билемин, Ишенемин, кат- кат касам беремин. Мезгил жетип, кулач урбай мухитке, Он сегиз жаш бекер өттүң күйөмүн!! — деп, окуу окубай он сегиз жаштын талаага кеткенине кайгырат, бирок он сегиз жашы текке кетсе да, акыры түбү илимдин туу жонуна чыгарына таланттуу улан бекем ишенет, ал үчүн өзүнө өзү ант берип, кат-кат касам ичет.
Касым бул ырын ошол кездеги казак элинин атактуу акыны Магжан Жумабаевдин өз жери жөнүндө жазган ырына таасирленип жазат, анткени, ошондо Магжан Жумабаев институттун Касым окутан группасына адабияттан лекция окучу экен.
Касым Тыныстанов 1930—31-жылдарда иштеп жүрүп Кыргыз драма театрына бир аз мезгил директор да болуп калат. Манасты орус тилине которуп чыгаруунун демилгечиси да Касым болгон. Манастын чоң казатын орусча чыгаруу үчүн анын тексттерин 5 киши (Касым, Карасай, Узакбай Абдукаимов, Саманчин Тазабектер) сапмасап котормосун иштешет. Ал котормону көркөмдүк жагынан кооздоп иштеп чыгыш үчүн Касым Москвадан үч котормочу (С. Липкин, Тарловский, Пенковскийлерди) чакырат. Ал китеп кийин 1946-жылда басылып чыгат.
Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып,кыргыз тилинде тунгуч окуу китептерин(“Окуу китеби”,1924;”Чоңдор үчүн алиппе”,1926),кыргыз тилинин тунгуч грамматикасын(“Биздин тил”,1927;1927-жылы латын графикасында”Эне тилибиз” деген окуу китебин жазган. ”Кыргыз тилинин [[]]морфологиясы”,1934;”Кыргыз тилинин синтаксиси”,1936) тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. 1925-жылы Москвадан “Касымдын ырлары” деген ат менен ырлар жыйнагы жарык көрөт. Ал “Интернационалды”, И.Крыловдун тамсилдерин которгон. Анын “Академиялык кечелер” пьесасына, айрым эмгектерине курулай доомат коюлуп, бай-манапчыл, буржуазиячыл, улутчул деп ак жеринен күнөөлөнгөн. Эмгектеринин тизмеси
Касым Тыныстанов кыргыз элинин тунгуч жазуучусу, тунгуч эл комиссары, кыргыз тилинин грамматикасын негиздеген профессор жана кыргыз маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир эткен мамлекеттик ишмер эле. Келечекте биз дагы ушул улуу инсан кылган иштердин канча бир пайызын аткарууга умтулабыз. Жыйынтык
Читайте также: